Бүгүн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу БУУнун жыйыны башталат

Бүгүн, 1-ноябрда Шотландиянын Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшүнө арналган дүйнөлүк жыйыны ишин баштайт. 12-ноябрга чейин өтө турган конференцияга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган делегация катышат. Делегациянын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев бар.
Расмий маалыматка караганда, Жапаров дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт жана чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушат. Жапаров Глазгого 31-октябрда учуп кетти.
Глазгодогу конференциясы климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат. Кыргызстан климат боюнча сүйлөшүүлөргө улуттук милдеттенмесин сунуштаганын БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлаган.
2015-жылы БУУнун Париж келишимин 195 мамлекет кабыл алган. Ага ылайык, бардык мамлекеттер Жер планетасындагы абанын температурасын эки градустан ашык жогорулатууга бөгөт коюу максатында тиешелүү чара көрүүгө милдеттүү.
Комментарийлер