Ош шаарындагы орто мектептерде окуучуларга жолдо жүрүү эрежелери үйрөтүлүүдө

Ош шаарындагы орто мектептерде «Жол кыймылынын эрежелерине балдарды тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчили» аталыштагы жыйындар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ШИИБдин кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Кубаныч Камчибеков билдирди.
Анын айтымында, 29-октябрь күнү кызматкерлер П.Нышанов атындагы №50 орто мектебинде ата-энелер менен болгон жыйынга катышты. Жыйынга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, мугалимдер жана ата-энелер чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынга келген ар бир адамга сөз берилип, тиешелүү кызматкерлер менен суроо-жооп болду.
«Урматтуу ата-энелер, бала баарыбыз үчүн кымбат жана алардын коопсуздугу биз үчүн абдан маанилүү. Бул жагдайды эске алып, көпчүлүгүбүз балдарыбызды мектепке унаа менен алып келебиз. Бүгүнкү күндө өзгөчө борбордук көчөлөрүбүздө жайгашкан мектептердин айланасында эртең менен унаа тыгындары пайда болуп жатат. Бул көрүнүшкө бирден-бир себеп кайрадан эле ата-энелер болуп жатабыз. Анткени эртеӊ менен балдарын окууга алып келген ата-энелер экинчи катарга токтоп, баласын мектепке жетелеп кирип кеткен же экинчи катарга токтоп баласын түшүргөн айдоочулар кездешүүдө. Мындай көрүнүш биринчиден жол тыгынын пайда кылса, экинчиден балдарыӊыз үчүн кооптуу. Ошондуктан сиздерден суранып кетет элек, тарбия үй-бүлөдөн башталат. Үйдө ар бирибиз өз балабызга жол эрежелерин үйрөтүүгө милдеттүүбүз. Аларды унаада арткы орундукка отургузуп, коопсуздук курун тагып, эгерде 12 жашка чейин болсо атайын орундукка отургузсак алар үчүн да таасирдүү болот. Унаа жолду кесип өтүүдө чуркабай, эки жагыӊды карап анан соӊ өт деп үйрөтүүбүз керек. Ошол эле учурда айдоочуулук күбөлүгү жок окуучуларга унааны ишенип берүүгө болбойт. Алар азыр жаш, ылдамдыкты сүйүп, катуу айдоого кызыгышат, жол эрежелерин билбегендиктен ар кандай кокустуктар болуусу мүмкүн», - деди Кубаныч Камчибеков.
Комментарийлер