• Башкы бет
  • Кара-Балта шаарында коомдук транспорттун айдоочулары иш таштады
10:04, 2021-ж., 1-ноябрь

Кара-Балта шаарында коомдук транспорттун айдоочулары иш таштады

Кара-Балта шаарында коомдук транспорттун айдоочулары иш таштады

Бүгүн, 1-ноябрда Чүйдөгү Кара-Балта шаарында коомдук транспорттор каттамга чыккан жок. 

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, аялдамаларда адамдар көп. Алардын көбү окуучулар, мугалимдер жана башка жүргүнчүлөр.

Ал эми кичи автобустун айдоочулары алардын нааразычылыгына жол акы себеп болгонун айтышты.

«Күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттады. Жол акы кымбаттаса деле чыгымга учурап калат экенбиз. Иш таштоого мажбур болдук. Биз чогуу ушундай чечим кабыл алдык», - деди айдоочулардын бири.

Коомдук транспорттун айдоочулары иш таштай турганын жергиликтүү бийликке 10 күн мурун эскертишкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...