• Башкы бет
  • Тоо-кен концентратын контрабандалык жол менен экспорттоо токтолду,-УКМК
13:54, -ж., 30-октябрь

Тоо-кен концентратын контрабандалык жол менен экспорттоо токтолду,-УКМК

Тоо-кен концентратын контрабандалык жол менен экспорттоо токтолду,-УКМК

УКМКтоо-кен тармагындагы мыйзамсыз иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишинин алкагында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт зонасында жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныктады.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгү (Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда УКМК кызматкерлери тарабынан капка салынган химиялык элементтердин концентраты менен мамлекеттик үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кармалды, жалпы салмагы 50 тоннадан ашкан.

Автотранспорт каражаттарын кароодо ташылган жүктүн товардык-транспорттук документтеринин реквизиттеринде полиграфиялык жабдууларда өндүрүш түрүндөгү жасалмалуулуктун белгилери аныкталган.

Буга байланыштуу унаалар КР УКМКнын Ысык-Көл облусуна караштуу аймагына киргизилди.

Учурда концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыянды, кендерди иштетүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...