• Башкы бет
  • Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы мыйзамсыз курулуштардан тазаланып жатат
13:52, -ж., 30-октябрь

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы мыйзамсыз курулуштардан тазаланып жатат

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы мыйзамсыз курулуштардан тазаланып жатат

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына кошумча имараттарды куруп, тосмолор менен тосуп, мыйзамсыз гараж орнотуп алган жерлерди бошотуу иштери уланууда. Төлөйкөн кичи шаарчасында жүрүп жаткан иштерди вице-мэр Жасур Азимов көрүп чыкты. Жашоочулар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жана түшүндүрүү иштери жүрдү.

Көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз курулуштардан арылтып, айланасында көрктөндүрүү иштери менен катар, унаа кирүүчү жолдор асфальттанып, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул иш аракет Ош шаарынын мэриясынын кошумча каржылоо принцибиндеги долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

Учурда Төлөйкөн №25,№26,№27,№28,№29 көп кабаттуу үйлөр сырдалып, долбоордун алкагында иштер кызуу жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...