• Башкы бет
  • Ошто өз жанын кыюуга аркет кылган келинди сактап калышты
13:49, -ж., 30-октябрь

Ошто өз жанын кыюуга аркет кылган келинди сактап калышты

Ошто өз жанын кыюуга аркет кылган келинди сактап калышты

Ош шаарындагы куткаруучулар өз жанын кыюуга аракет кылган келиндин өмүрүн сактап калышты.

Маалым болгондой, куткаруучуларга Джим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 1986-жылы туулган Т.Н. аттуу келин секирүүгө аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин 4 кызматкери барып, аталган аялды алып түшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн, 29-октябрда саат 14:00 чамасында Ош шаарынын Джим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан секирүүгө аракет кылып жаткан келинди Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү Бектур Атаназаров менен аймактык инспектор Бакыт Сулайманов куткарып калган.

Окуяга күбө болгондор дароо 102 кызматына телефон чалып, жерине кайгуул кызматынын кызматкерлери да барышкан. Терезеде турган келинди сактап калуу үчүн кызматкерлердин бири төмөн жакта сүйлөшүү жүргүзүп турган. Ал эми үстүңкү кабаттан башка кызматкер балкон аркылуу өтүп, кызды куткарып калган.

Милиция кызматкерлери аны тез жардам кызматына, ӨКМ кызматкерлерине көрсөтүшүп, андан кийин тергөө кызматына алып кетишкен.

Аталган келин алгачкы көрсөтмөсүндө буларды айткан: Ал жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөн. Анын кенже баласын сот менен атасына калтырылган. Ошол баласын кайтарып алуу үчүн ушундай ишке барган. Бул маалымат учурда текшерилип жатат.

Ажырашкан жубайлардын ортосунда 6 бала бар, Кара-Суу районунун тургундары.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...