• Башкы бет
  • Ачы массивиндеги шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берилди
13:47, -ж., 30-октябрь

Ачы массивиндеги шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берилди

Ачы массивиндеги шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берилди

Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Ачы массивинде контейнерде жашап жаткан тургундар үчүн электр энергиясы тартылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ачы массивинде контейнерлерде жашап жаткан тургундардан кабар алды. Ал октябрь айында берилген тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөп, 4 үй-бүлөгө азык-түлүк үчүн 10 миң сомдон тапшырды.

«Ачы массивиндеги 8 үй-бүлө оор абалда контейнерлерде жашап жатабыз деп кайрылышкан. Мен октябрь айынын башында аталган тургундардын көйгөйүн жеринен көрүүгө барганда, негизги көйгөйү катары электр энергиясын тартып берүүнү суранган. Ошондуктан Ачыда жашап жаткан тургундарды ун, көмүр менен камсыз кылууну жана бир ай ичинде электр энергиясын тартуу иштерин жүргүзүү тапшырмасын бердим эле. Бүгүн мен берген тапшырма аткарылганына күбө болдум. Мындан кийин да бул жерде жашап жаткан 8 үй-бүлөдөн кабар алып турабыз. Алдыда турак жай менен камсыз кылуу иштерин аткарууга аракет кылабыз», - деди Зиядин Жамалдинов.

Белгилей кетсек, 15-октябрга чейин ар бир үй-бүлөгө ун, 8 тонна көмүр жеткирилип, убактылуу жашап жаткан контейнерлерге электр энергиясы тартылган.

Июнь окуясында жабыркаган 8 үй-бүлө 2020-жылга чейин Төлөйкөн айылында убактылуу күн кечирип келишкен. Андан кийин Ачы массивинде ӨКМ тарабынан коюлган убактылуу үйлөрдө жашап жатышат. Алар үчүн 2013-жылы Ачы массивинен 6 сотыхтан жер бөлүнүп, бирок электр энергия сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей келген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...