• Башкы бет
  • Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу быйыл жаш балдардын өлүм көрсөткүчү өстү
13:45, 2021-ж., 30-октябрь

Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу быйыл жаш балдардын өлүм көрсөткүчү өстү

Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу быйыл жаш балдардын өлүм көрсөткүчү өстү

Ош облусунда былтыркы жылга караганда жаш балдардын жана ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү өстү. Бул маселе 27-октябрда облустук коллегиялык жыйында жергиликтүү бийлик тарабынан талкууга алынды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов балдардын өлүмүнүн өсүшүн тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдардын көбөйүшүнө байланыштырды.

Анын айтымында, быйыл, 2021-жылы жол кырсынан жана сууга чөгүп каза болгон балдардын өлүмү да көп катталган.

«Биз балдардын өлүмүнүн көбөйүшү боюнча атайын облустук штаб өткөрдүк. Үйрөнүп чыктык. Бул жерде негизги балдардын өлүмүнүн себептерин айтсак, азыркы күндө биринчи кезекте тубаса кемтик оорулар менен өтө көп төрөлүп жатат. Мисалы, жүрөк кемтиги, андан башка ушундай оорулар көп. Мындай оорулар менен төрөлгөн балдар тез эле чарчап калып жатат. Экинчи себеби, ата-энелер үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылбай, балдарын оор абалда бизге алып келишүүдө. Жол кырсыгында, сууга чөгүп каза болгондордун да саны көбөйдү. Ошол себептен быйылкы көрсөткүчтүн саны өстү», - деди Шаятбек Абдурахманов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...