• Башкы бет
  • Бишкекте 8-кабаттан секирип каза болгон баланын досу үн катты
13:42, -ж., 30-октябрь

Бишкекте 8-кабаттан секирип каза болгон баланын досу үн катты

Бишкекте 8-кабаттан секирип каза болгон баланын досу үн катты

22 жаштагы Мунарбек Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушу бүтө элек имараттын 8-кабатынан секирип, алган жаракатынан улам каза болгон.

АКИpress агенттигине классташы Арген Кудайбергенов билдиргендей, бүгүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Мунарбекти акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

«Биз чогуу окуганбыз, акыркы бир жылда Бишкекте батирде чогуу жашап келгенбиз. Ал ар дайым өз көйгөйлөрүн өзү чеччү, эч кимден жардам сурачу эмес», - деди ал.

Анын айтымында, Мунарбекти акыркы жолу 27-октябрь күнү эртең менен көргөн.

«Ал абдан жакшы маанайда болчу, жүрүм-турумунда шектүү эч нерсе болгон эмес. Мен анын мамилесинде көйгөйлөр бар экенин да билген эмесмин, бул тууралуу эч нерсе айткан эмес. Ооба, алардын сүйлөшүп жүргөнүн билчүмүн, бирок баары мынчалык олуттуу деп ойлогон эмесмин», - деди Арген.

«Тилекке каршы, окуя болгон жерге келгенге үлгүрбөй калдым, барганымда алар ооруканага жеткирилгенин айтышты. Куткаруучуларга келсек, мен бир гана нерсени айта алам – келечекте мындай катачылыктарды кайталабагыла. Адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн беш саат жетиштүү болчу», - деп кошумчалады ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...