• Башкы бет
  • Талапкер Ш. Ташиев БШКдан кат жүзүндө эскертүү алды
13:23, -ж., 29-октябрь

Талапкер Ш. Ташиев БШКдан кат жүзүндө эскертүү алды

Талапкер Ш. Ташиев БШКдан кат жүзүндө эскертүү алды

№14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча ЖКга депутаттыкка талапкер Шайырбек Ташиев үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда жүргүзгөндүгү үчүн БШКдан жазуу түрүндө эскертүү алды.

23-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна социалдык тармакта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында М.дин үй-бүлөсүнө үйдүн ачкычы тапшырылганы жарыяланганы тууралуу маалымат түшкөн.

«Текстте аталган турак жайды каржылоо жана куруу иштери Камчыбек Ташиев тарабынан ишке ашырылганы айтылат. Андан ары маалыматтын автору Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев №14 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жатканын белгилеген», - деп билдирди ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары тастыкталбаганын билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековамилициянын маалыматы эске алынарын, бирок турак-жай курулуп жатканы тууралуу маалымат телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөнүн, бул да үгүт катары караларын белгиледи.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу БШК мүчөлөрү талапкер Ташиевге кат жүзүндө эскертүү беришти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...