• Башкы бет
  • Бишкекте 1-ноябрдан тарта коомдук транспорттордун жол акысы жогорулайт
13:20, -ж., 29-октябрь

Бишкекте 1-ноябрдан тарта коомдук транспорттордун жол акысы жогорулайт

Бишкекте 1-ноябрдан тарта коомдук транспорттордун жол акысы жогорулайт

Бишкек шаарынын аймагындагы коомдук транспорттун акысы жогорулатылган токтом 2021-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет. Жүргүнчү кичи автобустарга 15 сом, троллейбус менен автобустарга 11 сомдон төлөшү керек.

Мэриянын транспорт кызматына байланышкан токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңеши 2021-жылдын 28-сентябрындагы жыйынында колдогон болчу. Жол кирени көбөйтүү сунушун шаардык кеңештеги 33 депутат колдоп, экөө каршы чыкса, бири калыс болгон.

Коомдук транспорттордун учурдагы акысы: кичи автобустарга — 10 сомдон, троллейбустар менен автобустарга — 8 сомдон төлөнөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...