• Башкы бет
  • Ош облусунда өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш 3,5 эсеге өстү
15:06, 2021-ж., 28-октябрь

Ош облусунда өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш 3,5 эсеге өстү

Ош облусунда өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш 3,5 эсеге өстү

Ош облусунда өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 3,5 эсе көбөйдү. Бул туурасында кечээ, 27-октябрь күнү Ош облустук администрациясындагы коллегиялык жыйында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов билдирди.

«Өспүрүмдөргө карата 119 кылмыш катталыптыр. 2020-жылы 30 кылмыш иши болгон экен. 2020-жылды пандемияга байланыштырдыңыз. 2019-жылы канча катталган?», - деди Жаныкулов.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов бул жаатта кылмыштуулуктун көбөйүшүн миграциянын таасири деп түшүндүрдү.

«Азыркы күндө көп ата-энелер бала-чакаларын кары-картаң таенеси, чоң энесине таштап, Россияга чыгып кетишкен. Биз канча ирет түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө деле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары анча-мынча кылмыштуулукка кабылып жатат», - деди Абитов.

Жеңиш Абитов 2019-жылда өспүрүмдөргө карата канча кылмыш катталганы жөнүндө маалымат берген жок.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов чындыгында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук көбөйүп жатканын айтып, бул маселени тыкыр көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...