• Башкы бет
  • Ош облусунда жаш балдар арасында пневмония оорусу көбөйдү
15:04, 2021-ж., 28-октябрь

Ош облусунда жаш балдар арасында пневмония оорусу көбөйдү

Ош облусунда жаш балдар арасында пневмония оорусу көбөйдү

Ош облусунун аймагында балдар арасында пневмония оорусу көбөйүп кеткендиктен ооруканаларда койкалар жетишпей жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов кечээ, 27-октябрдагы коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул көйгөйдүн айынан адамдар менен дарыгерлердин ортосунда көп түшүнбөстүктөр жаралууда.

«Бүгүнкү күндө балдардын арасында пневмония оорусу өтө күчөп жатат. Биздин облустук балдар клиникалык оорканасында эле пневмония ооруусуна чалдыккан 330 бала жатат. Ал деген 70-75 пайыз жаш балдар арасында пневмония жүрүп жатат деген сөз. Ошол эле учурда башка райондордо да көбөйүүдө. Ошого байланыштуу элдин арасында түшүнбөстүк болуп жатат. Себеби ооруканалар өзүнүн кабыл алуудагы планынан чыгып кетип, ал жерлерде койкалар жетишпестик маселелери болууда. Бизде негизги көйгөй ушул болуп жатат», - деди Абдурахманов.

Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, ата-энелердин көпчүлүгү ооруган балдарын үй шартында дарылап, абалы өтө оорлоп кеткенде дарыгерге кайрышууда. 2020-жылга салыштырмалуу быйыл оор абалда ооруканага түшкөн балдар көп. Мындай кайдыгерликтин кесепети балдар арасында өлүмдүн көрсөткүчүн өсүшүнө алып келип жатканын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...