14:54, -ж., 28-октябрь

Аба ырайы: Тоолордо кар жаайт

Аба ырайы: Тоолордо кар жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 29-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Тоо этектериндеги райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт. Тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +1…+6

күндүз +7…+12

Талас облусунда

түнкүсүн 0…+5

күндүз +8…+13

Баткен облусунда

түнкүсүн +3…+8

күндүз +12…+17

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +3…+8

күндүз +12…+17

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +1…+6

күндүз +10…+15

Нарын облусунда

түнкүсүн -1…-6

күндүз +9…+14

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 градус, күндүз +10…+16 градуска жетет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...