• Башкы бет
  • «WhatsApp» тиркемеси 1-ноябрдан тарта көп эски смартфондордо иштебей калат
14:53, -ж., 28-октябрь

«WhatsApp» тиркемеси 1-ноябрдан тарта көп эски смартфондордо иштебей калат

«WhatsApp» тиркемеси 1-ноябрдан тарта көп эски смартфондордо иштебей калат

1-ноябрдан тартып «Facebook» ээлик кылган «WhatsApp» мессенжери көптөгөн эски смартфондордо иштебей калат. Бул тууралуу «Metro» басылмасы жазды.

Тактап айтканда, «WhatsApp» тиркемеси операциондук системасы Android 4.1. жана iOS 10го чейинки смартфондордун 43 моделинде иштебей калат. Алардын ичинде 2011-жылы чыгарылган «iPhone 4S», «Samsung Galaxy Trend Lite», «Sony Xperia Miro», «Huawei Ascend G740», «Alcatel One Touch Evo 7» жана башка көптөгөн смартфондор бар.

«WhatsApp» мессенжери 1-ноябрда дароо эле иштебей калбайт. Бирок мессенжерди жаңылоого мүмкүн болбой, мындан улам иштөөсүндө көйгөйлөр жаралат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...