• Башкы бет
  • УКМКнын имаратынын алдына адамдар чогулду
14:51, -ж., 28-октябрь

УКМКнын имаратынын алдына адамдар чогулду

УКМКнын имаратынын алдына адамдар чогулду

Бүгүн, 28-октябрда УКМКнын имаратынын жанында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн камактагы жетекчиси Уланбек Аалиевдинтарапкерлеринин митинги өтүүдө.

Митингге 25ке жакын адам катышууда. Алар Аалиевдин жакындары, достору жана кесиптештери. Алар аны бошотууну талап кылышууда.

Митингчилер милиционердин күнөөсү жок экенин айтышты. Учурда У. Аалиев УКМКнын СИЗОсунда. Митингчилер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдинбул ишти иликтөөнү көзөмөлгө алууну суранышууда.

Аалиев, Октябрь РИИБдин тергөө кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчү 21-октябрда алдамчылыкка шектелген Асыл Талипованын иши боюнча кармалган.

Аскердик прокуратуранын маалыматына караганда, милиция кызматкерлери кыйноо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу фактысы боюнча шектелүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...