• Башкы бет
  • Ошто Баткен окуясында курман болгондор эскерилди
13:59, -ж., 27-октябрь

Ошто Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

Ошто Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

Кечээ, 26-октябрда Ош шаарында 1999-2000-жылдарда Баткен окуясында Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоп, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондор эскерилди. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин депутаты Мелис Джусупов, Баткен окуясынын, Ооган согушунун ардагерлери, каза болгондордун жакындары катышты.

Вице-мэр 1999-жылдын август айында эл аралык диний экстремисттердин жана террористтердин тобу эгемендүү Кыргызстандын чек арасына басып кирип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курууга жана аларды чыңдоого аракет кылышкан оор күндөрдү айтып, эр азаматтардын, аталардын, агалардын эрдиги менен мамлекеттин бүтүндүгү сакталып калгандыгын кошумчалап, ыраазычылык билдирди. Ал эми каза болгондордун жакындарына сабыр тилеп, алар жасап кеткен эрдик кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат деп кошумчалады.

Иш-чара Токтогул Сатылгановдагы эс алуу жайында жайгашкан жоокерлердин эстелигинде орун алып, гүл чамбарлар коюлду. Ошондой эле, каза болгон жоокерлерге жана ыктыярчыларга арналып куран окулду.

Баткен окуясында 50 жаран каза болуп, 40 жаран жаракат алган. Ал эми каза болгондордун сегизи, жаракат алгандардын тогузу Ош шаарынын тургундары. Баткен окуясын эскерүү 2018-жылдан бери, 26-октябрда өтүп келет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...