• Башкы бет
  • Депутат Эсенбек Арзиев Өзгөн РЭТтин башчысы боюнча маселени көтөрдү
13:53, -ж., 27-октябрь

Депутат Эсенбек Арзиев Өзгөн РЭТтин башчысы боюнча маселени көтөрдү

Депутат Эсенбек Арзиев Өзгөн РЭТтин башчысы боюнча маселени көтөрдү

Бүгүн, 27-октябрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында Эсенбек Арзиев Өзгөн РЭТтин башчысы Артур Жусуевдин электр энергиясы боюнча карызы тууралуу кеп кылды.

«Жусуев боюнча айтып койсоңуз. Буга чейин 120 миң сом акча карыз болуп калганы боюнча маалымат тарады. Кандай болуп калат? Жетекчи ушундай мамиле кылса эмне болот?», - деди Арзиев.

Берилген суроого «Ош электр» ААКтын директорунун орун басары Алмаз Маманасир уулу жооп берип, бөлүп-бөлүп төлөгөнүн айтты.

Э.Арзиев сөзгө аралашып, маалыматты бир аз туура эмес айтып жатканын, ал кишиге акт түзүлгөнүн билдирди. «Ош электр» ААКтын кызматкери суроого жооп берип, А.Жусуев төлөп жаткан учурда массалык маалымат каражаттарына тарап кетип, туура эмес маалымат болуп калганын белгиледи.

«Жообуңар бир аз жомоктой болуп жатат да. Мендеги маалымат боюнча, контролер акт түзгөн деген маалымат бар», - деди Э.Арзиев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...