13:52, -ж., 27-октябрь

Ош шаарында 3 эм жарык дүйнөгө келди

Ош шаарында 3 эм жарык дүйнөгө келди

25-октябрь күнү Ош шаарындагы жеке төрөтканалардын биринде үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу жеке клиника социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирген.

Маалыматка караганда, үч эмди Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну Шохистихон Уринбаева жарык дүйнөгө алып келди. Балдар операция жолу менен төрөлгөн. Алардын салмагы 2 килограмм 400 грамм, 2 килограмм 500 грамм жана 2 килограмм 460 граммды түзгөн. Учурда баарынын абалы жакшы.

Өздүк булактар билдиргендей, үч эм ата-эненин 5 жыл күткөн перзенттери.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...