• Башкы бет
  • Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга 14 этникалык кыргыз студенттери кабыл алынды
13:50, -ж., 27-октябрь

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга 14 этникалык кыргыз студенттери кабыл алынды

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга 14 этникалык кыргыз студенттери кабыл алынды

Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тандап алуу жана кабыл алуу боюнча иш жүргүзүп келет.

Министрликтин маалыматы боюнча, этникалык кыргыздар мамлекеттик жогорку окуу жайларда окушат. Аларды даярдоо базалык жогорку окуу жайлардын бардык окутуу багыттары боюнча, атап айтканда, гуманитардык, инженердик-техникалык, медициналык, айыл чарба ж.б. багыттар боюнча жүргүзүлөт.

Этникалык кыргыздардын медициналык багыттар боюнча билим алуусу боюнча айта турган болсок, жыл сайын этникалык кыргыздар үчүн каралган квоталардын алкагында Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында орундар бөлүнөт.

Мисалы, соңку 3 жылда 40 этникалык кыргызга бюджеттик орундар берилди. Атап айтканда:

- 2019-2020-окуу жылында 14 этникалык кыргыз И.Ахунбаев атындагы КММАга окууга кабыл алынган;

- 2020-2021-окуу жылында 14 этникалык кыргыз И.Ахунбаев атындагы КММАга окууга кабыл алынган;

- 2021-2022-окуу жылында 12 этникалык кыргыз окууга кабыл алынды (анын ичинен 9 — И.Ахунбаев атындагы КММАда, 3 — ОшМУда билим алууда).

Бөлүнгөн квоталардын алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алууну пландаган этникалык кыргыздар арасында ачык-айкын тандоо жүргүзүү максатында министрлик ар жылы компьютердик же бланктык тестирлөө формасында кирүү сынактарын уюштурат.

Тестирлөөнү Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору талапкер өзү тандап алган адистик боюнча өткөрөт. Тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алууга сунушталгандардын тизмеси түзүлөт.

2020-жылдан тартып оор эпидемиологиялык кырдаалга жана дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда, COVID-19 коронавирустук илдети жайылып кеткенине байланыштуу мамлекеттик чек араларды кесип өтүү кыйынчылыктары жаралып, этникалык кыргыздар үчүн кирүү сынактары соңку 2 жылда (2020-2021-окуу жылында жана 2021-2022-окуу жылында) этникалык кыргыздар жашаган өлкөлөрдө (Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия) жайгашкан Кыргызстандын мекемелери менен биргеликте ишке ашырылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...