• Башкы бет
  • Ысык-Көлдө аял кишинин өлүмүнө шектелип жарандык никедеги таанышы кармалды
13:48, -ж., 27-октябрь

Ысык-Көлдө аял кишинин өлүмүнө шектелип жарандык никедеги таанышы кармалды

Ысык-Көлдө аял кишинин өлүмүнө шектелип жарандык никедеги таанышы кармалды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында аял кишинин өлүмүнө шектелип анын жарандык никедеги жолдошу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол ШИИБге батирдин ичинен аялдын жансыз денеси табылганы жөнүндө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган шаардык милициянын ыкчам-тергөө тобу уктоочу бөлмөдөн ушул батирде жашап жүргөн Каракол шаарынын 42 жаштагы тургуну Б.Ч.нын жансыз денесин табышкан. Сыртынан кароо жүргүзгөн учурда шектүү тактар байкалган.

Бул факт Каракол ШИИБде КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин (ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дагы дайындалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун жарандык никедеги жолдошу — Ак-Суу районунун 34 жаштагы тургуну А.А. шектүү катары милициянын бөлүмүнө жеткирилген. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүүгө Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту менен шектелип жатканы жөнүндө билдирме берилген.

Каракол шаардык сотунун чечими менен А.А. 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...