• Башкы бет
  • Чүйдө мал уурдоого шектелип бир нече жаран кармалды
13:47, 2021-ж., 27-октябрь

Чүйдө мал уурдоого шектелип бир нече жаран кармалды

Чүйдө мал уурдоого шектелип бир нече жаран кармалды

Москва районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалды, деп билдирди бүгүн, 27-октябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Буга чейин Садовое айылынын тургуну милицияга кайрылып, 3 кочкору уурдалганын билдирген. Мындан сырткары дагы бир тургун мал уурулардын аракетинен жапа чеккен — анын сарайынан 3 кочкор уурдалган.

Бул фактылар Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурдоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Чүй ОИИБдин жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 2003-жылы туулган Ю.Э., 1999-жылы туулган Л.Э., 1998-жылы туулган Т.Р. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...