• Башкы бет
  • Жаңы төрөлгөн ымыркайда сатууга аракет кылган жаран боюнча Жогорку соттун өкүмү чыкты
13:43, 2021-ж., 27-октябрь

Жаңы төрөлгөн ымыркайда сатууга аракет кылган жаран боюнча Жогорку соттун өкүмү чыкты

Жаңы төрөлгөн ымыркайда сатууга аракет кылган жаран боюнча Жогорку соттун өкүмү чыкты

Жогорку сот жаңы төрөлгөн баласын сатуу боюнча келинди актоо өкүмүн күчүндө калтырды. Чечим 2021-жылдын 14-сентябрында кабыл алынган.

Калима (аты өзгөртүлдү, К.Ш.) 1995-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылынын тургуну, убактылуу эч жерде иштебейт. Никесиз, мурда сот жообуна тартылган эмес, Ош шаарында жашайт.

Тергөө органынын маалыматы боюнча, Калима жигити Айбек (аты өзгөртүлдү, А.А.) менен 2019-жылдын 25-июнунда төрөлгөн кызына туулгандыгы тууралуу күбөлүк албоого чечим чыгарган. Андан көрө кызды сатып, акча табууну чечишкен. Жигит 2019-жылдын 15-июлунда Ош ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринин жанынан 30 миң сом менен кармалган.

Ош шаардык сотунун (сот А.Сулайманова) 2019-жылдын 27-ноябрындагы чечими менен Калима Жазык кодексинин 171-беренесинин 3-бөлүмү ("Жашы жете элек балдарга карата жасалган адам сатуу") менен күнөөлүү деп табылып, сот аны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Кыз сот залында камакка алынган. Сот жаза мөөнөтүн 2019-жылдын 30-августуна жылдыруу чечимин чыгарды.

Ош облустук сотунун соттук коллегиясы (сот А.Абдылдаев, С.Закиров жана К.Жобонов) Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 27-майындагы өкүмүн жокко чыгарды. Калима анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталып, андан соң сот залында камактан бошотулган.

Ош облустук прокуратурасынын прокурору Мирбек Курманбаев 2020-жылдын 27-майындагы Ош облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарууну жана 2019-жылдын 12-ноябрындагы Ош шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырууну суранган.

Прокурор облустук сот иштин материалдарын үстүртөн караган деп эсептейт. Окуянын күбөсү Г.А. Калима менен жигити Айбек жолугушуу учурунда жаңы төрөлгөн кызын сатуу ниетин билдиришкенин айткан. Анын үстүнө Г.А. Калимадан баланы сатууга даярсызбы деп сураганда, ал эч нерсе деп айткан жок, бирок макул болгон.

Иштин материалдары Калиманын көрсөтмөсү боюнча баяндалат. Анда ал күнөөсүн мойнуна албай турганын, бала төрөө кыйын болгонун, төрөткө 20 миң сомго жакын акча корогонун айткан. Бул акчаны Г.А. аттуу аял берип, эгер жубайлар баланы өздөрү багууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда кызды багып алууга даяр тааныштары бар экенин айтып, ошондой эле 30-40 миң сом төлөп берүүнү сунуштаган.

Бирок Калима мындай сунушка макул болгон эмес. Мындан тышкары, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордо көрсөтмө берип жатып, Калима Айбек кызын уктап жатканда алып кеткенин айткан. Ойгонору менен Айбек кызы менен үйдө жок экенин билген. Андан кийин Г. кирип, алар (Айбек менен кызы) сыртта экенин айткан. Калима көчөгө чыкканда, Айбек менен милиция ошол жерде турушкан.

Бул иш боюнча Айбек жаңы төрөлгөн кызын сатканы үчүн Ош облустук сотунун чечими менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Иштин материалдарын карап чыгып, Жогорку соттун соттук коллегиясы (соттор К.Эсенканов, Д.Назаров жана Н.Эшалиев) Ош облустук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жыйынтыгында Калима акталып чыгат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...