• Башкы бет
  • Президент катышкан сабактагы "ката" боюнча министрлик түшүндүрмө берди
13:41, -ж., 27-октябрь

Президент катышкан сабактагы "ката" боюнча министрлик түшүндүрмө берди

Президент катышкан сабактагы "ката" боюнча министрлик түшүндүрмө берди

Билим берүү жана илим министрлиги Мыкан айылында жаңы ачылган мектептеги тактада жазылган «ката» боюнча түшүндүрмө берди.

25-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болгон. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев катышкан.

«Иш-чаранын алкагында алар мектептин башталгыч классынын сабагына катышкан. Марал Жайчибекова сабак өтүп жатканда жазылган «мак» жана «мяк» деген жазуулар социалдык тармактардын колдонуучуларынын жана журналисттердин назарын бурган. Талкууланып жаткан жазуулар боюнча министрлик төмөнкүлөрдү билдирет:

Жайчибекова Марал Таштанбековна Мыкан айылындагы Берлыбеков атындагы орто мектепте үчүнчү жыл иштеп жатат. Башталгыч класстардын мугалими катары ал өзүн жакшы жагынан көрсөттү. Анын методикасында окуучулардын көңүлүн бурууга карата тапшырмалар көп колдонулат. Сабакта да ал иштелип чыккан методиканы колдонду. Бул атайын пландалган педагогикалык кырдаал болчу. Окуучулар сабакта «мак» жана «мяч» деген сөздөргө тыбыш-тамгалык талдоо жүргүзүшкөн. Сөздөгү катаны балдар өздөрү табышы керек болчу («Катасын тап» оюну). Адатта мындай тапшырмалар балдардын көңүлүн буруу, теманы өздөштүрүүдөгү мүчүлүштүктөрдү табуу жана көрүү сезимин өнүктүрүү үчүн колдонулат. Мындай көнүгүүлөр орфографиялык сергектикти өнүктүрүүгө да таасирин тийгизет.

Айрым журналисттердин жана социалдык желелердин колдонуучуларынын маселенин чоо-жайын териштирбей туруп жаш мугалимди айыптаганы мугалимдик кесиптин кадырын арттырбайт», - деп айтылат министрликтин түшүндүрмөсүндө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...