• Башкы бет
  • БШК Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты
11:27, 2021-ж., 25-октябрь

БШК Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты

БШК Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы, "Ынтымак" партиясы менен парламенттик шайлоого бара жаткан Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин койгон саясий мамлекеттик кызматты ээлеген адам кызматын өткөрүп бериш керек болчу. Талант Мамытов кызматын өткөрүп бербегендиктен, Боршайком жумушчу топтун сунушун колдоп, аны каттабоо чечимин кабыл алды", - деп билдирди Бекматов.

2021-жылы кабыл алынган шайлоо жөнүндөгү жаңы конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин вице-спикери "Ишеним" партиясы менен шайлоого бараткан Нурбек Сыдыгалиев кызматын тапшырганы тууралуу билдирүү тараткан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы "Азаттыкка" парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...