• Башкы бет
  • ЖККУ тажик-ооган чек арасында аскердик машыгуу өткөрөт
11:24, 2021-ж., 25-октябрь

ЖККУ тажик-ооган чек арасында аскердик машыгуу өткөрөт

ЖККУ тажик-ооган чек арасында аскердик машыгуу өткөрөт

Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү ноябрда тажик-ооган чек арасына чукул жерде төртүнчү аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ЖККУнун расмий өкүлү Владимир Зайнетдинов билдирди.

Ага төрт миңдей аскер жана 500 атайын техника тартылат. Иш-чара чек арага жакын жердеги Тажикстандын Харбмайдон жана Момирак полигондорунда өтөт.

17-августта Орусия менен Тажикстан ооган чегине чукул аймакта бир нече айлык аскердик машыгууларды баштаган. Бир апта мурун орус, тажик жана өзбек жоокерлеринин биргелешкен окуусу аяктаган. Сентябрдын башында ЕККУга кирген мүчөлөрдүн миңдеген жоокери Кыргызстандагы машыгууларга катышкан.

Ооганстан менен чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү чек арадагы коркунучтар менен качкындардын агымынан чочулайт.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...