10:25, 2021-ж., 25-октябрь

PISA деген эмне?

PISA деген эмне?

Кыргызстан 2025-жылы өтө турган окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына катышууга даярдыкты баштады.

Жакында эле Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнү PISA-2025ке катышууга даярдоо боюнча тегерек стол өткөргөн.

Билим берүү жана илим министрлиги эл аралык баалоо программасы боюнча коомчулукка толук жана так маалымат жеткирүү үчүн PISA боюнча эң маанилүү суроолорго жоопторду даярдады.

PISA деген эмне?

PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) — окуучулардын билимдги жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Аны 2000-жылдан бери Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (OECD) ар 3 жылда бир жолу өткөрүп келет. Эл аралык баалоонун 8-цикли (2021-жылы өтүшү керек болчу) COVID-19 пандемиясына байланыштуу бир жылга жылдырылып, 2022-жылы өтмөй болду. PISAга катышуучу өлкөлөрдүн саны 2000-жылы 32 болсо, 2022-жылга карата 88ге жетти. Бул өз кезегинде PISAны ушул сыяктуу изилдөөлөрдүн эң масштабдуусуна айландырды.

PISA изилдөөсү мониторинг жүргүзүүчү болуп эсептелет. Ал ар бир мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү аныктап, билим берүү жетишкендиктерин же кемчиликтерин салыштырып, тиешелүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Билим берүү системасындагы стратегиялык чечимдердин эффективдүүлүгүн баалайт, билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого жардам берет.

PISA кимди баалайт?

Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 15 жаштагы окуучулар катышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ, ошондуктан ушул жашка келип, мектептеги милдеттүү билим алуу аяктайт.

PISA эмнени баалайт?

PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө, же болбосо, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат.

PISAlдагы баллоо кандай жүргүзүлөт?

Окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдөө негизги 3 багытта жүргүзүлөт: окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук. Мында окуучулардын жалпы билимди жана интеллектуалдык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Баалоодо негизги көңүл жогорудагы 3 багыттын бирөөсүнө коюлат. Тактап айтканда, тестирлөөгө кеткен убакыттын үчтөн эки бөлүгү негизги делген багытка бөлүнөт.

PISA изилдөөcүнүн ар бир циклында баалоонун приоритеттүү багытын өзгөртүү — изилдөөнүн негизги багыты боюнча толук кандуу маалыматты алуу жана бул багыттагы жетишкендиктерге салыштырма талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү. Негизги баалоо багыттарынан тышкары, PISAнын акыркы циклдарында кошумча инновациялык багыттар иштелип чыккан.

Ар бир 3 жылда бир инновациялык баалоо багыты киргизилет:

- Санариптик сабаттуулук (2009)

- Тапшырмаларды өз алдынча аткаруу (2012)

- Тапшырманы биргеликте аткаруу (2015)

- Глобалдык компетенттүүлүк (2018)

- Креативдүү ой жүгүртүү (2022).

Ар бир мамлекет кошумча багытты тандоону же андан баш тартууну өзү чечет.

PISAга катышуу Кыргызстанга эмне берет?

PISA изилдөөcү мамлекеттеги билим берүүнүн абалы боюнча объективдүү маалымат бере алат.

Изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстан үчүн төмөндөгүлөргө жардам берет:

- Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун деңгээлин баалоо жана аны менен бирге экономикалык жактан анча өнүкпөгөн же өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системаларына карата Кыргызстандын билим берүү системасынын эффективдүүлүгүн салыштыруу;

- билим берүүгө ийгиликтүү колдонулган дүйнөлүк практикада эң ийгиликтүү практикаларды табуу;

- окутуунун эффективдүүлүгүнө жана жыйынтыктарына таасир этүүчү факторлорду баалоо жана Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо үчүн сунуш жана стратегияны иштеп чыгуу;

- убакыттын өтүшү менен Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүдөгү өзгөрүүлөрдү байкоо.

Изилдөө куралдары

PISAнын изилдөө куралдарына тесттик тапшырмалар жана анкеталар кирет. Куралдар Концорциумдун (Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык алдыңкы илимий уюмдар менен консорциуму) жетекчилиги астында баалоо программасына катышуучу өлкөлөрдүн жана алдыңкы эл аралык уюмдардын эксперттеринин катышуусунда түзүлөт. Тестти тапшырып бүткөн соң, ар бир окуучу жарым сааттын ичинде билим берүү уюму, үй-бүлө, анын жакындары менен болгон мамилеси жана өзүнүн кызыгуусу боюнча суроолордон турган анкета толтурат. Билим берүү уюмунун администрациясы да кошумча анкеталоодон өтөт.

Тапшырмалардын форматы

Тест тапшырмалары анкета түрүндө болот жана белгилүү бир көйгөйдүн түшүндүрмөсү менен тапшырмалар берилет. Анда ар кандай мүнөздөгү жана кыйынчылыктагы бирден алтыга чейин суроолор берилет.

Тест суроолорунун ар кандай форматтары (ачык же жабык) колдонулат. Мында окуучулар суроолорго өз оюн жазышы, жеке көз карашын билдире алышы керек, же туура, же туура эмес деп баалана турган (жабык жооптор) чектелүү варианттардын ичинен жоопторду тандап алышы керек. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымын эркин түрдө жооп берүүгө болжолдонгон суроолор түзөт.

2015-жылдан тартып PISA компьютердик баалоого өттү. Дээрлик бардык өлкөлөр санариптик форматтагы тестирлөөгө катышкан.

Изилдөөнү өткөрүүнү стандартташтыруу

Изилдөө бирдиктүү координациялык борбор тарабынан даярдалган инструкция жана эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Изилдөөнүн ар бир этабы (үлгү алуу, куралдарды которуу жана адаптациялоо, тестирлөөнү өткөрүү жана анкеталоо, маалыматтарды анализдөө жана текшерүү) эл аралык эксперттер тарабынан көзөмөлдөнөт. Жоопторду тандоо менен тапшырмалардын аткарылышын текшерүү атайын программалык камсыздоонун жардамы менен автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Ачык жооп менен болгон тапшырмаларды текшерүүнү улуттук жана эл аралык деңгээлдеги эксперттер жүргүзүшөт.

Жыйынтыктар кантип бааланат?

Тесттен өткөн ар бир окуучуга эл аралык 1000 баллдык шкала боюнча балл берилет, ал эми ар бир топтогу тапшырманы аткаруу үчүн өзүнчө (математика, окуу жана табигый илимдер).

Эл аралык 1000 баллдык шкала төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ: шкала боюнча орточо балл 500, стандарттык четтөө 100 балл, ошондо бул изилдөөгө катышкан бардык өлкөлөрдөгү билим алуучулардын болжол менен 2/3 бөлүгү 400дөн 600га чейин балл ала турганын билдирет.

Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына (PISA) Кыргызстандын катышуусу

Кыргыз Республикасы бул изилдөөгө эки жолу — 2006-жылы жана 2009-жылы — катышкан.

2006-жылы изилдөөгө өлкөдөгү 201 билим берүү мекемесинен 15 жаштагы 5904 окуучу катышкан.

2009-жылы болсо PISA изилдөөсүнө 173 билим берүү уюмунан 4986 окуучу катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча толук маалыматты testing.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Кыргызстан мектептик билим берүүнүн эл аралык рейтингине 2025-жылы кайрадан кошулууга даяр. Учурда өлкөнү PISAга даярдоо иштери башталды. PISA-2025тин эң башкы багыты табигый илимдер боюнча сабаттуулук болот.

Мындан сырткары, эл аралык баалоо Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму жаңы эки компонентти киргизүүнү мерчемдеп жатат:

- Санариптик дүйнөдө окутуу (инновациялык тармак). Азыркы учурда мектепте жана андан сырткары колдонулуп жаткан санариптик инструменттердин (браузерлер, онлайн курстар, виртуалдык лабораториялар) жардамы менен окуучулардын өз алдынча билим алууга даярдыгы бааланат;

- Чет тили (эл аралык опция). Алгач өлкө тандаган чет тилин билүү деңгээли бааланат. кийин бул опция ар 6 жылда финансылык сабаттуулук боюнча тест менен кезектешип өткөрүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...