• Башкы бет
  • Баткенде ажатканада каза болгон жарандын өлүмүнө шектелип бир туугандар кармалды
10:17, 2021-ж., 25-октябрь

Баткенде ажатканада каза болгон жарандын өлүмүнө шектелип бир туугандар кармалды

Баткенде ажатканада каза болгон жарандын өлүмүнө шектелип бир туугандар кармалды

17-октябрь күнү Баткен районунун Бужум айылында дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, айылдын 1988-жылы туулган тургуну Жигитали 17-октябрда саат 22:30 чамасында үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кетип, ошол бойдон кайткан эмес. Бул боюнча 19-октябрь күнү анын бир тууган эжеси милицияга арыз менен кайрылган. Бул факт Баткен РИИБде дайынсыз жоголуу беренеси менен катталып, издөө иштери жүрө баштаган. Анын жүрүшүндө кылмышка шектелип Баткен шаарынан Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. менен анын 28 жаштагы бир тууган иниси Ж.Н. кармалды. Бул факт Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) квалификацияланып, азыркы күндө тергөө иштери уланууда. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган бир туугандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, Бужум айылынын Өрүкзар көчөсүндөгү үйдүн ажатканасынан 1988-жылы туулган Ж. аттуу адамдын денеси табылган. Ал жерге 13 куткаруучу барып, денени чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Алдын ала маалыматка караганда, Жигитали менен жубайынын ортосунда уруш чыккан. Кылмышка шектелип кармалгандар маркумдун аялынын бир туугандары. Алар Жигиталини өлтүрүп, денесин жиликтеген деп божомолдонуп жатат. Дененин бөлүктөрү ар кайсы жерден, ажатканадан дагы табылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...