• Башкы бет
  • Ошто дзюдо боюнча чемпионат өтүп жатат
17:17, 2021-ж., 23-октябрь

Ошто дзюдо боюнча чемпионат өтүп жатат

Ошто дзюдо боюнча чемпионат өтүп жатат

Кечээ, 22-октябрь күнү Ош шаарында өспүрүм балдар жана кыздар арасында дзюдо боюнча турнир башталды. Бул тууралуу аймакты кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдешке аймактардан келген 300гө чукул спортчу катышты.

Борбор калаада дзюдо академиясы ачылып, ага өлкөнүн 7 облусунан шыктуу спортчуларды тарбиялап өстүрүү жана жаштарды спортко тартуу максатында иш-чаралар өткөрүлүп жатканын дзюдо федерациясынын жетекчиси Жолдошбек Көлбаев айтып өттү.

«Ош шаарында дзюдо боюнча Ош облусунун биринчилиги өтүп жатат. Ага өспүрүм кыздар, балдар катышууда. Калаада дзюдо жакшы өнүгүп келе жатканы байкалды. Анткени жылдан жылга спортчулардын саны көбөйүп жатат. Ооба, учурда спортко кызыккан балдарга ата-энеси тараптан колдоо керек. Ошондо гана балдарыбыз бизге жеңиш тартуулайт. Мамлекет тарабынан да сөзсүз түрдө колдоо көрсөтүлүшү керек. Кодоо болуп жатат. Бүгүн бир катар бийликтин өкүлдөрү келип, сөз сүйлөп кетишти», - деди Ж.Көлбаев.

Дзюдо боюнча мелдешке 7 жаштан 16 жашка чейинки кыздар жана балдар катышууда. Жеңишке жеткен спортчуларга медалдар жана сыйлуу белектер тапшырылат. Мындан сырткары өлкө биринчилигине жолдомо алат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...