• Башкы бет
  • Ош шаарында кызыл аймакта жаткан 3 жарандын абалы оор
17:14, 2021-ж., 23-октябрь

Ош шаарында кызыл аймакта жаткан 3 жарандын абалы оор

Ош шаарында кызыл аймакта жаткан 3 жарандын абалы оор

Бүгүнкү күндө Ош шаарында коронавирусту жуктуруп, кызыл аймакта дарыланып жаткан 3 бейтаптын абалы өтө оор болууда. Бул тууралуу Ош шаардык клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн 23-октябрга карата COVID-19 илдети менен Жалал-Абад шаарынан 1 тургун катталды.

«Бүгүнкү күндө биздин кызыл аймактарда коронавирус илдетин жугузган 22 бейтап дарыланып жатат. Үчөө өтө оор абалда. Орто оор абалда 14 бейтап бар. Беш бейтаптын абалы орто»,- дешти дарыгерлер.

Ош шаарында эпидемиологиялык абал башталгандан бери коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 7089 адамга жетти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...