• Башкы бет
  • Эдил Байсалов Оштогу гимназиянын ачык сабагына катышты
17:12, 2021-ж., 23-октябрь

Эдил Байсалов Оштогу гимназиянын ачык сабагына катышты

Эдил Байсалов Оштогу гимназиянын ачык сабагына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө региондун социалдык-маданий объектилеринин иши менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Ош шаарындагы М.Ломоносов мектеп-гимназиясында өткөн тарых предмети боюнча ачык сабакка катышты.

Андан соң жаңы корпус менен таанышып, жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында имараттарды мезгил-мезгили менен желдетип туруу зарылдыгына токтолду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...