• Башкы бет
  • Кыргызстан тажик студенттерине өлкөдө окууга уруксат берди
09:45, 2021-ж., 22-октябрь

Кыргызстан тажик студенттерине өлкөдө окууга уруксат берди

Кыргызстан тажик студенттерине өлкөдө окууга уруксат берди

Министрлер кабинетинин чечими менен Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына жазды.

"Бул бир тууган эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын эң бекем көпүрөсү" деп белгилеген Байсалов.

Быйыл жаздагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан. Сентябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган 100дөн ашуун тажик студенттерине Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканы кабарланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны билим алат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...