• Башкы бет
  • Жалал-Абад облусундагы орто мектептин курулушунда ири өлчөмдөгү келтирилген зыян аныкталды
09:42, 2021-ж., 22-октябрь

Жалал-Абад облусундагы орто мектептин курулушунда ири өлчөмдөгү келтирилген зыян аныкталды

Жалал-Абад облусундагы орто мектептин курулушунда ири өлчөмдөгү келтирилген зыян аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери келишим түзгөн уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн жогорулатуу боюнча өз ара жең учунан сүйлөшүп алган фактысы такталды. 

Аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин чыныгы көлөмү жана алардын баасы ашыкча баалангандыгы, жооптуу адистердин техникалык көзөмөлдөгү бузуулары, ошондой эле курулуш эрежелеринин талаптарын жана курулган объектилерди пайдаланууга кабыл алуу эрежелерин жашырышкандыгы, анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 4 миллион 970 миң 944 сом зыян келтирилгендиги аныкталды.  

Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...