• Башкы бет
  • Ош шаарындагы муниципалдык бош орундарга талапкерлер аңгемелешүүдөн өтүп жатат
09:41, -ж., 22-октябрь

Ош шаарындагы муниципалдык бош орундарга талапкерлер аңгемелешүүдөн өтүп жатат

Ош шаарындагы муниципалдык бош орундарга талапкерлер аңгемелешүүдөн өтүп жатат

Кечээ, 21-октябрда Ош шаарынын мэриясына караштуу кызматтык бош орундарга жарыяланган ачык коркурстук тандап алуунун аңгемелешүү этабы өтүп жатат. Конкурстук тандап алуу комиссиясынын төрагасы, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов.

"Кадрдык тандап алуулар ачык, калыс жүргүзүлөт. Биринчи кезекте талапкерлердин иш билгилигине, билимине, тажрыйбасына карайбыз. Мыкты, таза кадрлар гана ишти алга жылдырууга өбөлгө боло алат"-деп билдирди.

Жалпысынан муниципалдык бош кызматтарга 108 адам документтерин тапшырып, баардык талаптарга жооп берген 94тү тандалып алынган.

Биринчи жана экинчи этаптардан 30 адам өткөн, алар 14 бош кызматтык орунга тандалып алынат. Каалоочулардын көпчүлүгүнүн жаш курагы 23төн 29 жашка чейин.

Бекитилген кызматкерлер боюнча кошумча маалымат берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...