• Башкы бет
  • Ош: Арванда 15 жаштагы бала 9 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөттү
09:35, 2021-ж., 22-октябрь

Ош: Арванда 15 жаштагы бала 9 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөттү

Ош: Арванда 15 жаштагы бала 9 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөттү

Оштогу Араван районунда 15 жаштагы өспүрүм бала 9 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасаган деп шектелүүдө. Окуя бүгүн, 21-октябрда чак түштө болгонун ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Төлөйкөн айылынын 32 жаштагы тургуну А.Н. кайрылган. Арызда 21-октябрь күнү түшкү саат 12:30 чамасында кызы — 9 жаштагы К.М.ны ошол эле айылдын тургуну үйүнө алып кирип, сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасагандыгы жазылган.

«Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 162-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) 4-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Шектүү ошол айылдын тургуну, жашы жете элек 15 жаштагы Х.И. экени аныкталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда. Шектүү жашы жете элек болгондуктан камакка алына элек», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...