09:34, 2021-ж., 22-октябрь
Гүлчө айыл өкмөтү Кыргызстандын "Эң мыкты айыл өкмөтү" деп табылды
Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл өкмөтү 2020-жылдын жыйынтыгы менен эң мыкты айыл өкмөт аталды. Айыл өкмөткө 1 миллион 500 миң сом сыйлык берилгенин Министрлер кабинетинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Алай районунун акими Каныбек Апбасовго президенттин алкыш баракчасы ыйгарылды.
Жеңүүчүлөр:
Биринчи топ
- 1-орун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтү, 1 млн 500 миң сом сыйлык;
- 2-орун Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтү, 1 млн сом сыйлык;
- 3-орун Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл өкмөтү, 500 миң сом сыйлык.
Экинчи топ
- 1-орун Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтү, 1,5 млн сом сыйлык;
- 2-орун Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтү, 1 млн сом сыйлык;
- 3-орун Талас облусунун Бакай-Ата районунун Арал айыл өкмөтү, 500 миң сом сыйлык.
Сыйлыктар бүгүн,21-октябрда Бишкек шаарында тапшырылды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:08
-ж., 29-февраль
14:04
-ж., 29-февраль
14:02
-ж., 29-февраль
14:01
-ж., 29-февраль
13:59
-ж., 29-февраль
13:55
-ж., 29-февраль
13:52
-ж., 29-февраль
13:49
-ж., 29-февраль
live comments feed...
Комментарийлер