• Башкы бет
  • Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн майнап чыккан жок,-ЖМК
09:32, 2021-ж., 22-октябрь

Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн майнап чыккан жок,-ЖМК

Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн майнап чыккан жок,-ЖМК

Кечээ, 21-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрүнүн ортосунда объектилерди куруу боюнча сүйлөшүүлөр болгонун булактар ​ “Турмуш” басылмасына билдиришти.

Маалыматка караганда, күч органдарынын өкүлдөрү саат 17:00 чамасында жолугуп, талкууланган маселелердин арасында Аксуу дарыясы аркылуу Тажикстандын Майский жана Ходжа Алло айылдарынын ортосундагы көпүрөнүн курулушу да бар.

Кыргыз тараптан УКМКнын Баткен облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев, Баткен облусунун акиминин орун басары Адыбек Набиев катышты. Ал эми тажик тараптан Исфара районунун акими Баховаддин Баходурзода жетектеген бийлик өкүлдөрү катышты.

Тажик тарап Майский районундагы Аксуу дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу пландаштырылган жерге арматураларды орнотууну баштады. Кээ бир маалыматтарга таянсак, тажик тарап көпүрөнүн курулушун түнкүсүн жүргүзүүгө ниеттенүүдө.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөр эч кандай натыйжа берген жок.

«Турмуш» басылмасына белгилүү болгондой, эки райондун акимдеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдө тажик тарап кыргыз тараптан Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы сел каналын бузууну талап кылган. Кыргыз тарап баш тарткан.

Исфара районунун акими Баходурзода Аксуу дарыясына көпүрө курууну уланта беришерин айтты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...