• Башкы бет
  • Жыл башынан бери өлкөдө 5,5 миңге жакын жол кырсыгы катталды
10:25, 2021-ж., 21-октябрь

Жыл башынан бери өлкөдө 5,5 миңге жакын жол кырсыгы катталды

Жыл башынан бери өлкөдө 5,5 миңге жакын жол кырсыгы катталды

Жыл башынан бери Кыргызстанда 5437 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыдан 29,2% көп. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктарынын көбөйүүсүн өлкөдө автоунаалардын саны өскөнү жана жолдордун ага ылайык келбегени себеп.

"Көпчүлүк жолдордун параметри кыймылдын көптүгүнө жана тездигине туура келбейт. Көп учурда мунун арты адам фактору менен коштолгон кайгылуу окуя менен аяктайт", - деди Азамат Исраилов.

Анын маалыматы боюнча, жол кырсыгынан набыт болгондордун саны да былтыркыдан 15% көп. Былтыркы тогуз айда бул себептен 509 адам көз жумса, быйыл 587ге жетти. Жаракат алгандар 31% көбөйгөн. Тогуз ай ичинде автокырсыктан 8298 адам жабыркаган.

15-октябрда Бишкек-Талас-Тараз жолундагы Кара-Ой тилкесинде "Хонда-Степвагон" машинасы "Дав" жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Натыйжада жеңил машинадагы айдоочу баш болуп сегиз адам мүрт кеткен. Арасында 12 жаштагы бала болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...