• Башкы бет
  • Бир мандаттуу округдан 110 талапкер катталды
10:21, 2021-ж., 21-октябрь

Бир мандаттуу округдан 110 талапкер катталды

Бир мандаттуу округдан 110 талапкер катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдардан жалпы 110 талапкерди каттады. Боршайкомдун 20-октябрдагы маалыматына караганда, 36 бир мандаттуу округдан 335 адам документтерин толук тапшырган. 14 адам талапкерликтен баш тарткан.

Катталган талапкерлердин ичинде Айбек Осмонов, Тазабек Икрамов, Искендер Матраимов, Нурбек Алимбеков, Элмурза Сатыбалдиев сыяктуу Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары бар.

28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниети менен БШКга 381 адам кайрылган. 341и 150 миң сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн.

20-октябрда саясий партиялардын Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиялык тизме менен бара турган талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү аяктады. Бул аралыкта 54 талапкерден ашпаган тизмени 21 саясий партия берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...