• Башкы бет
  • Ошто кыш мезгилине карата жылуулук берүү боюнча жыйын болду
10:18, 2021-ж., 21-октябрь

Ошто кыш мезгилине карата жылуулук берүү боюнча жыйын болду

Ошто кыш мезгилине карата жылуулук берүү боюнча жыйын болду

Кечээ, 20-октябрда Ош шаарынын мэриясында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча атайын штабдын кезектеги жыйыны болуп, 22-октябрдан баштап жылуулук берүү маселеси көтөрүлдү. Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Вице-мэр Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, суук түшө тургандыгына байланыштуу алдын ала даярдык көрүү максатында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде жылуулук берүү керек экендигин билдирди.

"22-октябрдан баштап жылуулук берилсе, суу жылып, шаар тургундарына жеткенче дагы 2-3 күн убакыт талап кылынат. Учурда жылуулук, электр энергия, газ менен камсыздап жаткан ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, көмүрдүн баасына болгон туруктуулукту сактап калуу үчүн антимонополиянын Ош шаарындагы кызматтары менен да иштешүүнү пландап жатабыз",- деди С.Жунусбаев.

Ош шаарынын мэриясы ар кандай кырдаалдардын алдын алуу үчүн, шаар тургундарына көп кабаттуу үйлөрдүн подъездериндеги эшиктерин жабык кармап, үйдүн эшик терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Жалпысынан Ош шаарында 600дөн ашуун көп кабаттуу үйлөр, билим берүү тармагындагы 97, саламаттык сактоо тармагындагы 32 мекемелер, ошондой эле, жогорку жана орто окуу жайларынын имараттары жылуулук менен камсыздалат. Жылуулук берүү Ош шаарынын жылууулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасы жана Ош ТЭЦ тарабынан жүргүзүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...