• Башкы бет
  • Кыргызстанда судьялар канча маяна алышат?
14:15, -ж., 20-октябрь

Кыргызстанда судьялар канча маяна алышат?

Кыргызстанда судьялар канча маяна алышат?

Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-октябрдагы жыйынында Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьясы Аида Сейдакматова эмгек акысы тууралуу айтты. Анын маалыматы боюнча, эмгек акынын көлөмү квалификациялык чин жана эмгек стажы менен байланыштуу болот.

«Менин стажым, соттун төрайымы болгонум, жашыруун материалдарды билгеним эске алынып, учурда 80 миң сом алам. Мен сыяктуу стажы бар айрым судьялар 30 миң сом алат. Баарынын эмгек акысы бирдей эмес», - деди судья.

Аида Сейдакматова бүгүн, 20-октябрда Жогорку соттун судьясы болуп шайланган 3 судьянын бири.

Жаңы шайланган судьялар:

- Тыныбек Бекешов;

- Сулайманкул Атакулов;

- Аида Сейдакматова.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...