• Башкы бет
  • Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо жараянында да иштейт
14:14, 2021-ж., 20-октябрь

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо жараянында да иштейт

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо жараянында да иштейт

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик шайлоо жараянында да иштешет. 20-октябрдагы жыйында депутаттар ушундай чечимге келишти.

Анын алдында 28-октябрдан 28-ноябрга чейин парламент имаратынан тышта - шайлоочулар менен иштейт деген токтом кабыл алынган.

Депутат Мирлан Жээнчороев бир айга чыгып кетүүнү туура эмес деп, шайлоочулар менен жолугушууга бир апта убакыт берүүнү, башка учурда иштөөнү сунуш кылды. Ушундай эле демилгени Айбек Осмонов жана Шайлообек Атазов да көтөрүп, токтомду кайра добушка коюуну суранышты.

Депутаттар Рыскелди Момбеков, Дастанбек Жумабеков шайлоого аттанган депутаттар парламенттин трибунасын үгүт ишине колдонуп кетиши мүмкүндүгүн айтып, бир ай сыртта иштөө туура болорун айтты.

Токтом экинчи жолу добуш берүүгө коюлуп, жыйынтыгында үгүт жараянында да депутаттар парламентте иштей турган болушту.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Анын алдында бир ай үгүт иши жүрөт. Парламенттин азыркы чакырылышындагы бир катар депутаттар кайрадан талапкер болуп шайлоого аттанышкан.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш - туруктуу иштеген орган.

Мыйзам боюнча аткаруу бийлигинин өкүлү шайлоого аттанса, кызматын тапшырышы керек. Ал эми депутаттар мандатын тапшырбай эле катышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...