14:11, 2021-ж., 20-октябрь

Эртең айрым райондордо жамгыр жаайт

Эртең айрым райондордо жамгыр жаайт

Кыргызгидромет агенттиги 21-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт деп кабарлады. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,

Нарын жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 14...19,

Талас дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3°.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 17…19°.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...