• Башкы бет
  • Чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин коррупциялык иштери аныкталгандыгы айтылды
14:10, 2021-ж., 20-октябрь

Чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин коррупциялык иштери аныкталгандыгы айтылды

Чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин коррупциялык иштери аныкталгандыгы айтылды

Чек ара кызматындагы айрым жетекчилердин коррупциялык иштери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Чек ара кызматынын айрым жетекчилери калкалаган «Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы жогорку кызматтагы адамдар чек арадан өткөн өзбек жарандарынан жана жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча опузалап келишкен. Аталган факт Жазык кодексинин 325-беренесинин (пара алуу) 3-пунктунун 2-бөлүгү менен катталды.

Жыйынтыгында кечээ, 19-октябрда «Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчиси А.Э., Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Ч.Н., ошондой эле Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси — Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары К.Б. кармалды. Алар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

«Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчиси — Аскарбек Эрмекбаев.

Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы — Чынарбек Насиев.

Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси — Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары — Бекташов Курсанбек Урбаевич.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...