• Башкы бет
  • Ош: Чоң-Алайда 54 жаштагы эркектин жансыз денеси суудан табылды
14:06, 2021-ж., 20-октябрь

Ош: Чоң-Алайда 54 жаштагы эркектин жансыз денеси суудан табылды

Ош: Чоң-Алайда 54 жаштагы эркектин жансыз денеси суудан табылды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 54 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 15-октябрь күнү милицияга Чоң-Алай айыл аймагына караштуу Жар-Башы айлынын 30 жаштагы тургуну Э. уулу Б. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 13-октябрь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында атасы — 54 жаштагы Ж. Э. Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын борбордук базарында дайынсыз жоголгон.

Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Дайынсыз жоголгон Э.Ж.нын жүргөн жерин аныктоо максатында тийиштүү органдарга багыттамалар жиберилип, Чоң-Алай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

«16-октябрда болжол менен саат 17:10 чамасында изделип жаткан 54 жаштагы Ж.Э.нин жансыз денеси Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Шибэ айылынын тушунда Кызыл-Дарыя суусунан табылган. Топтолгон материалдар каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, аталган окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп башталган.

Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө маркум киши колду болуп каза болгондугу белгилүү болду. Бул кылмышка шектүү катары Чон-Алай районунун Жекенди айыл аймагына караштуу Кулчу айылынын 50 жаштагы жашоочусу Э.Ч., Жекенди айылынын 61 жаштагы тургуну А.Р. кармалды. Шектүүлөр РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүлөрдүн айтымында, маркум менен сөз талашып уруша кетип, экөөлөп токмоктоп, окуя болгон жерден кетип калышкан. Учурда маркум кантип сууга түшүп кеткендиги такталып, тергөө иштери жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...