• Башкы бет
  • Ошто 19 жаштагы кызды ала качкандар кармалды
14:02, 2021-ж., 20-октябрь

Ошто 19 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

Ошто 19 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

Ош шаарында 19 жаштагы кызды ала качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, кечээ, 19-октябрда саат 18:30да ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундан кабар келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө троллейбустардын акыркы аялдамасында белгисиз адамдар кызды күч колдонуп, эркине каршы унаага салып, качып кеткени айтылган.

«Кызматкерлерге кабар берилгенден кийин жарым саат өтпөй Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кызмат өтөп жаткан учурда унаалардын биринен "жардам бергиле" деген кыздын үнү угулган. Кызматкерлер унааны токтотуу керектигин айтканда айдоочу качып кеткен. Кызматкерлер унаанын артынан кууп, Учкун айылындагы жол чыракка жеткенде токтотушкан. Текшерүү учурунда кыз аны алып качып бара жатышканын айтып, жардам сураган», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш Ош ШИИБге өткөрүлүп берилди.

Жабырлануучу Жалал-Абад облусунун 2002-жылы туулган тургуну К.к.Ж. экени аныкталды. Ал эми шектүүлөр Жалал-Абад облусунун тургундары – 1995-жылы туулган К.у.А. менен 1996-жылы туулган Ж.Э. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...