• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаарды жүк ташуучу унаа менен кыдырды
10:56, 2021-ж., 19-октябрь

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаарды жүк ташуучу унаа менен кыдырды

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаарды жүк ташуучу унаа менен кыдырды

Кечээ, 18 -октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери менен биргеликте шаар көчөлөрүнүн абалын текшерүү үчүн көчмө жыйын өткөрдү.

Анын негизинде мэр жетекчилер менен жүк ташуучу унаа менен шаарды кыдырып, коомдук транспорттун токтоолорунун, аялдамаларды, шаардын жолдорунун жана тротуарларынын, четки көчөлөрдүн абалын текшерди. Алмаз Мамбетов кыдыруунун негизинде бир топ маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Иш-чаранын соңунда А.Мамбетов Ош шаарынын борбордук базарында болуп, Райымбеков көчөсүнүн соодагерлери менен жолугушту. Ал жерде тийиштүү органдардын жана кызматтардын жетекчилерине стихиялуу соода болгон жерлерди иретке келтирүү, аларга тиешелүү шарттарды түзүү, соодагерлер үчүн ылайыктуу жерди табуу керектигин айтты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...