10:52, 2021-ж., 19-октябрь

Индияда 70 жаштагы аял көз жарды

Индияда 70 жаштагы аял көз жарды

Индияда 70 жаштагы аял көз жарганын (ЭКО жардамы менен) «Loop News» басылмасы жазды. (ЭКО). Ымыркай анын алгачкы баласы.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, 70 жаштагы Живунбен Рабари менен 75 жаштагы жолдошу Мальдхари 45 жыл мурун баш кошкон. 40 жылдан бери бала күтүп, аягында ЭКО жолун тандашкан.

«Алар алгач келгенде мындай куракта балалуу болуу мүмкүнчүлүгү жок экенин айттык. Бирок алар талап кылып, туугандары да ушундай маалда балалуу болонун айтышты. Бул өтө сейрек кездешүүчү учур болду», - деди дарыгер Нареш Бханушали.

Бул үй-бүлө Гужарат штатында жашайт. Экөө тең тамга тааныбай турганы белгилүү болду. Живунбен Рабаринин жаш курагын тастыктай турган паспорту да жок. Бирок туугандары ал 70 жашта экенин айтып жатышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...