• Башкы бет
  • Өзбек-кытай вакцинасы менен эмделгендер ажылык сапарга бара албай жатышат
10:50, -ж., 19-октябрь

Өзбек-кытай вакцинасы менен эмделгендер ажылык сапарга бара албай жатышат

Өзбек-кытай вакцинасы менен эмделгендер ажылык сапарга бара албай жатышат

COVID-19га каршы өзбек-кытай вакцинасы менен эмделгендер ажылык же умра үчүн Сауд Арабиясына бара албай жатышат.

Маалыматка караганда, өзбек-кытай биргелешкен ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) каттоосунан өткөн эмес жана Сауд Арабиясы аны тааныбайт.

Podrobno.uz интернет басылмасы Өзбекстан ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынын сертификаттарын таануу боюнча Сауд Арабия бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык кызматынын башчысынын орун басары Нурмат Атабеков кытай-өзбек вакцинасын каттоого алуу үчүн тиешелүү документтер ДССУга жөнөтүлгөнүн айтты.

“Эгер уюм аны тааныса, албетте, маселе чечилет”, – деп белгиледи ал.

Буга чейин өзбекстандыктар кичи ажылыкка (умра) баруу үчүн Сауд Арабиясында таанылган вакциналардын бири менен эмделиши керек экени айтылган. Бул – Pfizer/BioNTech (АКШ/Германия), AstraZeneca (Британия), Moderna (АКШ) жана Johnson & Johnson (АКШ) вакциналары.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...