14:08
-ж., 29-февраль
Кечээ, 18-октябрда Ош шаарындагы жеке менчик битум цехте чыккан өрттөн жабыркагандар Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсыктан ула цехтин аймагында 16 чарчы мет р кара чайыр күйгөн.
Өрттүн кесепетинен жаракат алган Өзбекстандын жарандары:
- 1973-жылы туулган Ж.М. (12% күйүк);
- 1991-жылы туулган Р.Н. (8-10% күйүк);
- 1976-жылы туулган С.А. (7% күйүк).
Алар тез жардам кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Комментарийлер